Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Айсулуунун жакындары анын жеңишке жетүүсүнөн үмүт кылууда


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Риодогу Олимпиада оюндарында күч сынашуучу кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, туугандары анын беттешүүсүн теле аркылуу көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кочкордогу үйүнө чогулушкан. Кабарчыбыз Уланбек Эгизбаевдин маалымдаганы боюнча, Айсулуунун ийгиликке жетүүсүн тилеп, Майлы-Суу шаарынан 80 жаштагы таянеси келген.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бүгүн беттешке чыгат. Оюндар Кыргызстандын сааты боюнча кечки жетиде башталды. 58 килограммга чейинкилер арасындагы күрөштө Тыныбекова биринчи беттешинде 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашат.

20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21инде марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат. Азырынча Кыргызстандын эсебинде оор атлетчи Иззат Артыков алган коло байге гана бар. Олимп оюндары 21-августта аяктайт.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG