Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

№39 абак башчысынын иши сотко ашырылды


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, №39 түрмөнүн башчысы А.А. камакта жаткан кишиден акча талап кылганы үчүн айыпталган. Ага каршы жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөө прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүздү. Тергөө учурунда А.А. соттолуп, камалган кишиден шарттуу түрдө эркиндикке чыгуу үчүн тиешелүү маалыматтарды чогултууга жана сотко жиберүүгө деп акча талап кылган. Эгер бербесе, аны мөөнөтү бүткөнгө чейин түрмөдө калтырам деп коркуткан. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, А.А. акча талап кылган адам мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгууга негиздери болгон.

А.А. 6-июнь күнү иш бөлмөсүндө 11 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул иш Талас облусундагы Бакай-Ата райондук сотунда каралат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG