Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Клинтондун штабы Трамп Кремлдин куурчагы болуш ыктымалдыгын билдирди


Дональд Трамп, Поль Манафорт жана кызы Иванка.
Дональд Трамп, Поль Манафорт жана кызы Иванка.

21-августта ABC телеканалындагы маегинде Демократиялык партиянын талапкеринин штаб башчысы Робби Мукк республикалык талапкер Дональд Трамп “Анын шайлоо өнөктүгүнө Кремлдин таасири канчалык экенин” түшүндүрүп берүүгө тийиш деди. Ал мындай пикирди Трамптын шайлоо штабынын жетекчиси Пол Манафорттун кызматтан кетүүсүнөн кийин билдирген.

Манафорт Кремль колдогон Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичтин кызматын кылып, акчасын алган деген айыптоолордон кийин кызматынан бошонуу тууралуу арызын жазган.

“Пол Манафорт четтетилди. Бирок бул орустар да четтетилди дегенди билдирбейт” дейт Мук. Дональд Трамп президенттикке шайланып калса, АКШ менен Орусиянын мамилесин оңдорун билдирген. Ал ошондой эле анын шайлоо өнөктүгүнө Москва колдоо көрсөтүүдө дегенди күлкүгө алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG