Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Исмаил Исаков: Баш мыйзамды өзгөртүүнүн таптакыр кереги жок


Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

2010-жылы кабыл алынган Конституция авторитардык, криминалдык үй-бүлөлүк бийликке каршы күрөштүн натыйжасында иштелип чыккан. Азыркы бийлик ал жолду унутуп, президенттин түздөн-түз көрсөтмөсү менен жаңы долбоорду коомдук талкууга алып чыгып жатат, – деп билдирди "Азаттыкка" 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Исмаил Исаков:

- Президенттик шайлоого бир жыл калганда, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн кереги барбы? Менин оюмча, таптакыр кереги жок. Чындап эле Атамбаев кийинки президент «ажыдаар» болбосун десе анда ал, Конституцияны өзгөртүү эмес, башка мыйзамдарды Конституциянын нормаларына шайкеш келтирүү менен саясий эркти көрсөтүп, болочок президенттерге үлгү болуп кетиши керек. Ал эми азыркыдан мен кардиналдуу өзгөртүүлөрдү көрө алган жокмун, - деди Исмаил Исаков.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңештин беш фракциясы тарабынан колдоо таап, жаңы долбоор коомдук талкууга коюлган. Бирок жарандык коом жана "Ата Мекен" партиясы өзгөртүүлөргө каршы чыгып, жаңы долбоор президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтет деп каршы чыгууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG