Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Жогорку Кеңеш Башмыйзамды өзгөртүү маселесин талкуулайт


Конституциялык реформага арналган жыйындардын бири, 2-август, 2016-жыл.
Конституциялык реформага арналган жыйындардын бири, 2-август, 2016-жыл.

Иш-чараны парламент Жарандык көзөмөл кеңеши менен чогуу өткөрүүдө. Талкууга Башмыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыккан фракциялардын лидерлери, ЖК депутаттары, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, талкууда Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр ар тараптан талдоого алынат:

-Талкууга ар тараптуу адамдарды чакырдык. Башмыйзамды өзгөртүү керек деген демилгечилерди да, ага каршы чыккандарды да. Баарынын сөзүн угуп, ар тараптуу талкуулайлы деген максат.

Конституцияны өзгөртүү боюнча тегерек үстөл 22-августта КСДП фракция мүчөсүнүн катышуусу менен өткөн эле.

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча кезектеги жыйынын 25-августта “Бийликти узурпациялоого жол жок!” кыймылы өткөрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG