Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Кыргызстанда “Таза Кыргызстан” аттуу партия түзүлдү


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жаңы партиянын лидери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов билдирди. Партия 23-августта расмий каттоодон өттү. Анын курамынын басымдуу бөлүгүн мурдагы чекисттер, күч түзүмүндө иштеген жарандар жана башка тармарда жүргөндөр түзөт.

Партия алдына ачык демократиялуу мамлекетти түзүү, мыйзамдуулукту орнотуу максатын койгон. Иманкулов партия курамында элге белгилүү саясатчылардын жок экендигин, ушул тапта пикирлеш адамдарды тартуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда эки жүздөн ашык партия бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG