Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Абулгазиев: “Манас” аэропортунун жолундагы тосмолор коопсуздук үчүн коюлууда


Аба майданга алып барчу жол.
Аба майданга алып барчу жол.

«Манас» эл аралык аэропортуна барчу жолдун курулушунда жол жээктеги айыл тургундарынын коопсуздугу толук эске алынуусу шарт. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Бишкек–«Манас» аэропорту автожолунун курулушу менен таанышкан учурда билдирди.

Ал жол боюндагы айыл тургундарын ашыкча тоскоолдуктардан коргоо үчүн унаа жолдо темирден жасалган коргоочу тосмолорду көрүп, бул дубалдар коопсуздуктан сырткары жолго көрк да берип тураарын кошумчалады.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Бишкек-“Манас” аэропорту жолунун жээгиндеги курулуп жаткан тосмолор жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды да тосуп салганын айтып нааразы болгондор болгон. Учурда жолдун 23 чакырымынын курулушу аяктап, алдыда жол белгилерин орнотуу иштери калды. (SDz)

XS
SM
MD
LG