Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Жеңиш Разаков: Үңкүр-Тоодогу кырдаал өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Кыргызстандын төрт жаранынын Өзбекстанда кармалышы боюнча кырдаал, жалпы чек ара боюнча маселелер өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргенин өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

“Белгилүү болгондой, президент Атамбаев тышкы иштер министрлигине, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Үңкүр-Тоо боюнча Кыргызстандын позициясы белгилүү – аталган тилке макулдашылган эмес. Мындан улам бизге коңшу Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда”, – деп белгиледи вице-премьер министр.

Ал өкмөттүн ыйгарым укуктуу түзүмдөрү азыркы учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады. «Кыргызстандын кармалган төрт жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышып жатабыз», – деп кошумчалады Разаков.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси 22-августта талаштуу делген Аксыдагы Үңкүр-Тоого тик учак аркылуу 7 милиция кызматкерин түшүргөндөн бери кыйла сууп, ортодогу сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыга элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG