Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр, Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча штабдын башчысы Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Анын айтымында, 14 кыргызстандык өмүрүн алган өрт боюнча тергөө жүрүп жатат. Кырсык боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орусиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшөт.
“Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү сөзсүз талап кылабыз" - деди Кудайбердиева.
Москва шаарындагы басмаканалардын кампасынан 27-августтагы чыкканөрттөн 17 адам каза болгон. Анын 14 кыргызстандык кыз-келиндер экени дайын болду.
Бүгүн өкмөт атайын штаб түзүп, маркумдардын сөөгүн алып келүү боюнча атайын учак жиберилерин маалымдады. (BkA)