Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Йеменде жанкечтинин чабуулу кеминде 60 адамдын өмүрүн алды


Аден шаарындагы жардыруу, 23-май, 2016
Аден шаарындагы жардыруу, 23-май, 2016

Бүгүн Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында жардыруудан ондогон адамдар мерт кетти. Жанкечти өкмөттүк күчтөрдүн аскерий базасынын аймагында автоунааны жардырганы кабарланууда. Каза болгондордун көбү аскерге жаңы алынгандар.

"Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун маалыматына караганда, кеминде 60 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 30у жарадар.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча өзүнө эч ким ала элек.

Буга чейин өлкө түштүгүндөгү мындай чабуулдарды "ал-Каида" же "Ислам мамлекети" террордук уюмдары менен байланышы бар жихадчылар уюштуруп келген.

Сауд Арабия колдогон Йемен өкмөтү өлкөнүн бир гана бөлүгүн көзөмөлдөйт. Түштүк тарапта ал радикал жихадчылар, ал эми түндүк менен батыш жагында борбор шаар Сананы басып алган козголоңчу хуситтер менен күрөшүп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG