Жогорку Кеңеш төрагасынын фондунан Москвадагы өрт кырсыгында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам иретинде 1 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн спикер жана парламенттеги фракция лидерлери маркумдардын туугандарына, жакындарына жардам көрсөтүү маселесин талкуулашты.
27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрт он төрт кыргызстандык кыз-келиндин өмүрүн алды.