Эгемендик алгандан берки 25 жыл ичинде айрым мурдагы советтик республикалардын калкынын саны азайса, башкалардыкы өсүп жатканын көрүүгө болот.
Көптөгөн мурдагы советтик өлкөлөрдө калктын саны өтө ыкчам азайып кетти. Украина калкынын саны 1991-жылы эгемендик алгандан бери алты миллион адамга төмөндөдү. Балтика өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 20 пайызга азайган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрдөгү көрүнүш булардан кескин айырмаланат.
Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда соңку жылдары төрөлгөндөрдүн саны тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетти. Казакстандын калкынын саны этникалык орустардын жана немистердин жер оодарып, массалык түрдө көчүп кеткендигине байланыштуу бир топ азайган. Бирок жаңы төрөлүп жаткандардын саны жогору болгондуктан, жалпысынан калктын өсүшүн байкоого болот.
Орусия мурунку советтик өлкөлөрдөн чыккан мигранттардын көпчүлүгү көздөп эңсеген багытка айланды. Алардын көбү түпкү туугандары, тарыхый мекенине кайткан этникалык орустар болсо, калгандары билим алуу жана акча табууну көздөп баргандар. Экинчи эне тил болуп калган орус тили жана социалдык-маданий окшоштуктар Орусияны Борбор Азия мигранттары эңсеген багытка айлантты. Мисалы үч миллион украиналыктар Орусияны өз үйү катары кабыл алып жашап келет.
Мигранттардын арасында билимдүүлөрдүн саны аябай жогору. Мындай көрүнүш акылдуу адамдардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзүп, эмгек базарындагы атаандаштыкты алсыздантып, демографиялык кырдаалдагы терең структуралык ажырымдарга алып келди.
1980-жылдары Советтер Союзу төрөлгөндөрдүн санынын өсүшүнө түрткү берүү максатында чоң кампания жүргүзгөн. Бирок анын натыйжасы аз эле мөөнөткө узап, СССРдин урашы менен бүткүл мурунку советтик өлкөлөрдө балдардын төрөлүшү бат эле азайган.
Мурунку советтик өлкөлөрдөгү өмүрдүн узактыгы кескин айырмаланат. Евробиримдик жана Шенген аймагына кирген Эстония, Латвия жана Литва адам өмүрүнүн узактыгы жана киши башына бөлүнгөн ички дүң өндүрүм боюнча алдыга озуп чыккан. Ошол эле учурда булардын калкынын саны кескин төмөндөөдө. Борбор Азияда өмүрдүн узактыгы салыштырмалуу төмөн болгону менен калктын санынын ыкчам өсүшү байкалууда.
Демографиялык төмөндөө өкмөттөрдүн тынчын алган маселе, анткени ал {демографиянын өсүшү} мамлекеттин геосаясий салмагы, экономикалык кудурети жана аскердик кубатына байланган маселе.
1989-жылы саны 289 миллионго жеткен калкы менен СССР Кытай жана Индиядан гана артта калып, дүйнөдө калкынын саны боюнча үчүнчү орунда турган. Эми СССР ураганына 25 жыл болгондон кийин жалпы 15 республиканын калкынын саны 294 миллионду гана түзөт. 2050-жылы бул сан 284 миллионго азаят да, Нигерия калкынын санынан да төмөн болору болжолдонууда.
15 өлкөнүн арасынан Азербайжан менен Борбор Азия өлкөлөрү гана – калкынын санын көбүнчө мусулмандар түзгөн мамлекеттер – башкалар туш болгон демографиялык кыйын кезеңден ийгиликтүү өтүп кете алган.