Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

АКШ Орусияны Илми Умеровду бошотууга чакырды


Илми Умеров
Илми Умеров

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны ден соолугу начарлаганына карабастан эки жумадан бери психиатриялык ооруканада кармалып жаткан крым-татар элинин межилис башчысынын орун басарын бошотууга чакырды.

18-августта Илми Умеров Симферополдогу ооруканалардын бириндеги кардиологиялык бөлүмдөн психиатриялык клиникага экспертиза үчүн деген негизде күч менен которулган.

"Диссиденттерди психиатриялык клиникага камоо өнөкөтү бизди абдан тынчсыздандырууда", - деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби.

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын бийлиги 59 жаштагы Илми Умеровду теле аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө "Орусияны Крымдан жана Донбасстан чыгып кетүүгө мажбур кылыш керек" деген сөзү менен сепаратизмге чакырык таштаган деп айыптоодо.

Буга чейин аны бошотуу талабын Европа биримдиги, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жана украин парламенти да койгон болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG