Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

“Азаттыктын” кабарчысы жана каарманы мамлекеттик сыйлыкка татыды


Улан Эгизбаев каарманы Нургазы менен АКШда.
Улан Эгизбаев каарманы Нургазы менен АКШда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Эгемендиктин 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыгына ылайык “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев президенттин Ардак грамотасына татыды. Ошондой эле “Азаттыктын” кабарчылары Уланбек Эгизбаев жана Улан Асаналиев тарткан “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылат.

Шоруков 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштейт. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган. Уланбек Эгизбаев 2013-жылдан бери “Азаттык” радиосунда иштейт. Учурда “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасап келет. Анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​

Кеңешбек Шоруков тууралуу тартылган "Жол” тасмасы:

Азыркынын Дүйшөнү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

XS
SM
MD
LG