31-августта Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Баткен, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.
31-августта Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 15…17°, күндүз 28…30° градус болот.