Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Акыйкатчы "Кордай" бекетиндеги кырдаал боюнча президентке кайрылды


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти. Оторбаев жазган катында "Кордай" пункту аркылуу өткөндө ал жердеги оор абалга күбө болгонун айткан. Кыргызстан менен Казакстандын жарандары Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин чек арадан өтүү жеңилдейт, казак чек арачыларынын одоно мамилеси менен коштолгон бюрократия жоюлат деген үмүттө болушканын, бирок алардын ишеними акталбаганын белгилеген.

"Тилекке каршы, мен аталган пунктта эки мамлекеттин жарандары кабылган адилетсиз, өзүмбилемдик мамилени көзүм менен көрдүм" деген Акыйкатчы казак чек арачылары өз милдеттерин аткарбай турганын жазган. Анын айтымында, мунун айынан жарандар чек арадан өтүү үчүн 1,5 сааттан 3 саатка чейин жайында ысыкта, кышында суукта кезек күтүп турушат. Кары-картаңдарга, кош бойлуу аялдарга жана балдардын саламаттыгына олуттуу зыян келип жатат. Омбудсмен карапайым эл арасында бул жер "Освенцим" түрмөсү деген атка конгонун, өз укугун коргоп чыккандарды казак чек арачылары андан да көп убакыт кармай турганын билдирди. Ошондой эле казак чек арачыларынын мындай мамилеси эки өлкөнүн алакасына терс таасир тийгизиши ыктымалдыгын айткан. Оторбаев бул көрүнүштөрдү токтотуу өтүнүчү менен казакстандык кесиптешии Шакировго да кат жолдогон.(NT)

XS
SM
MD
LG