Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттешинде кыргыз футболчулары атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Бул жолдоштук беттеш Эгемендиктин 25 жылдыгына карата уюштурулган.
Казакстан менен акыркы эки беттешүүсүндө Кыргызстандын курама командасы жеңилүү ызасын тарткан.