Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанат өтүүдө


Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад башталды. Жүрүштөн 1,5 миңден ашуун аскерлер, аскердик техникалар өтүүдө. Мындан тышкары авиация да көрсөтүлөт. Бүгүнкү майрамдык салтанатты президент Алмазбек Атамбаев ачты.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн кызматынан куулган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан кызматынан кубаланган.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган. (NT)

XS
SM
MD
LG