Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Казакстанда радикал деп шектелген топ кармалды


Казакстанда радикал топтун мүчөсү деген шек менен 21 жаран кармалды. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети бүгүн тараткан маалыматта 12-30-август күндөрү Батыш Казакстан жана Актөбө облустарында үч топтун иши токтотулганы айтылат.

"Алар күч кызматкерлерине кол салып, эл көп чогулган жерлерде теракт уюштурууга камынып жаткан. Тинтүү учурунда алардан курал-жарак, жардыргыч заттар, экстремисттик китеп-баракчалар жана эл аралык террордук топтордун атрибуттары табылды" деп билдирди атайын кызмат.

Батыш Казакстан облусунда 10, Актөбөдө 11 адам колго түшүрүлдү.

«Социалдык жана диний кастыкты козутуу», «Терроризмге үгүттөө» деген беренелер боюнча кылмыш иш козголду. (RK)

XS
SM
MD
LG