Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Кытай элчилиги ишин жанданта элек


Бишкектеги Кытай элчилиги.
Бишкектеги Кытай элчилиги.

30-августтагы жардыруудан кийин Кытайдын Бишкектеги элчилиги ишин убактылуу токтоткон. Элчилик 31-августта иштеген жок. Консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринен алынган маалымат боюнча, 1-сентябрда да элчилик иштебейт. Виза берүү жана башка маселелер боюнча элчиликтин сайтынан маалымат алууга болот.

30-август күнү саат 9:40 чендерде Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти өзүн жардырган. Элчиликтин дарбазасын сүзүп кирип барган автоунаада жардыргыч зат болгон. Натыйжада автоунаанын айдоочусу мерт кетип, элчиликтин кароолчулары жаракат алышкан.

Кийинчерээк УКМК бул окуяны теракт деп мүнөздөдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG