Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Текебаев: Кыргызстанды Фарид Ниязов менен Сапар Исаков башкарууда


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр өлкө Конституцияда көрсөтүлбөгөн жол менен бара жатат.

-Мамлекетти Конституция менен жашоого буруу биздин колубузда. Азыр өлкөнү президент өзү эмес, анын айланасындагылар башкарууда. КСДП партиясы, силер башкарбай калдыңар. Бакиевдин, Акаевдин жанында жүргөн, КСДПнын жытын да билбеген Фарид, Сапар жана башкалар башкарып жатат.

Өмүрбек Текебаев жана анын партиясы бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү аракетине каршы. Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар баш болгон беш фракция сунуштаган. Президент Алмазбек Атамбаев тез арада референдум өтүшү керектигин айтууда. Бирок өлкөдөгү бир катар саясий күчтөр, оппозициячыл партиялар жана жарандык коом өкүлдөрү муну менен бийлик узурпацияланат деп кооптонушууда. (NT)

XS
SM
MD
LG