Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашкандай, ички паспортторду алуу же алмаштыруу 460 сом, ал эми жалпы жарандык паспорттун баасы 750 сомго чыкты. Жоголуп кеткен паспорттун ордун жаңылоодо ички паспорттун баасы 530 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт 860 сом турат. 1-сентябрга чейин ички паспорт алуу үчүн 165 сом, жалпы жарандык паспорт үчүн 454 сом алынчу.
Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт бааларынын кымбатташына эсептердин баарын улуттук валютага которуу негиз бергенин маалымдоодо. МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун билдиришинче, акыркы он жылдан бери кызмат акылары евро менен бааланып келген, эсептер улуттук валютага өткөрүлгөн соң, ортодогу айырманын эсебинен баалар кымбаттаган. (ZKo)