Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Самарканддагы "даярдык"

Өзбек өкмөтү Ислам Каримовдун абалы тууралуу билдирүү таратты. Анда акыркы суткаларда президент Каримовдун саламаттыгы кескин начарлаганы маалымдалат.

1-сентябрда Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев Самаркандга түштөн кийин учуп барып, ал жерде шаарды тазалоо иштери башталганы маалымдалган.

Айрым маалымдоо каражаттары Ислам Каримовду жерге берүү зыйнаты Өзбекстан президентинин туулуп-өскөн жери Самаркандда өтөрүн, сөөгү калаадагы Шахи Зиндан тарыхый эстелигине жакын жерде апасы менен эки агасы коюлган мүрзөгө коюларын, ал жерде даярдык иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG