Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Өзбекстанда жаңы окуу жылы Каримовду эскерүү менен башталды


Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу
Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу

4-сентябрь күнү мектептерде жана окуу жайларда Ислам Каримовду “Эскерүү сабагы” болду. “Азаттыктын” өзбек кызматына маалымдашкандай, Өзбекстандын Билим берүү министрлиги эскерүү сабагы үчүн бардык билим берүү жайларына атайын лекция тараткан. Анда Ислам Каримовдун Эгемен Өзбекстандын калыптанышындагы орду, жетишкендиктери жөнүндө жазылган. Эскерүү лекциясын мектеп, окуу жайлардын жетекчилери балдарга, студенттерге окуп беришти.

Быйыл 1-класска кирген 640 миң балага маркум президенттин атынан китепкапка салынган окуу куралдары белекке берилди.

Мамлекеттеги 9692 мектепте жыл сайын 2-сентябрда окуу башталып, биринчи сабак "Эгемендик сабагы" деп аталчу. Каримовдун өлүмүнө байланыштуу бул салт быйыл өзгөрдү.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Маркумдун сөөгү кечээ Самарканда жерге берилди. Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов оорудан улам дүйнөдөн кайтканы 2-сентябрда кечинде расмий жарыяланган.

XS
SM
MD
LG