Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Ажыга барган кыргызстандыктардын алгачкы тобу 18-сентябрда келишет


Зыяратчылар.
Зыяратчылар.

Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылык зыяратына кеткен кыргызстандыктардын алгачкы тобу мекенине 18-сентябрда кайтышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттан кабарлашты.

Кыргызстандан быйыл ажылыкка 3600 жаран барды. Алардын акыркы тобу 30-августта Мекеге жетишкен. Коштоп баргандар жана ашпозчулар 85 кишини түзөт. Зыяраттын баасы 2600 доллар деп эсептелген.

Ажылык амалдары жыл сайын Курман айт учурунда аткарылат. Быйыл Курман айт 12-сентябрда белгиленет.

XS
SM
MD
LG