Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан кайрадан төртүнчү орунда келе жатат


Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча таймаштарда коло медалды тагынган кыргызстандык Дилбара Иманканова.
Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча таймаштарда коло медалды тагынган кыргызстандык Дилбара Иманканова.

Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарынын алкагында түркмөн күрөшү, азербайжан күрөшү жана улуттук аңчылык Салбуурундан жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул күнү Кыргызстандын эсебине түркмөн күрөшүнөн бир күмүш, азербайжан күрөшүнөн эки күмүш, эки коло жана Салбуурундан эки алтын эки күмүш жана бир коло байге жазылды.

Буга чейин 4-сентябрда болгон таяк тартыш жана казак күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстан бир алтын, үч күмүш жана 10 коло байге менен төртүнчү катарда келе жаткан.

5-сентябрдагы таймаштардын жыйынтыгы боюнча медалдардын саны боюнча Орусия курамасы алдыда. Орусиялык спорчтулар 10 алтын, эки күмүш жана үч коло байге менен алдыга чыкты. 2-орундагы азербайжандыктарда төрт алтын, төрт күмүш, төрт коло бар. Казакстандыктар төрт алтын, үч күмүш, төрт коло байге менен үчүнчү катарда. Кыргызстандын спортчулары үч алтын, сегиз күмүш жана 13 коло байгеге ээ болуп кайрадан төртүнчү орунда бара жатат. 5-орундагы Ирандын спортчуларында эки алтын, үч коло бар. Грузиялыктар эки алтын, бир күмүш байге менен алтынчы катарда.

Эртең, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндарынын кезектеги мелдештери уланат. Кыргыз күрөшү, түрктөрдүн улуттук аба күрөшүнөн жана чоң ат чабыштан байге ээлери аныкталат.

Ордо, тогуз коргоол, мангала, көк бөрү боюнча мелдештер уланат. Атчан жаа атуу, алыскы аралыктан жаа атуу жана жөө жаа атуу, эр эңиш, Жирит деп аталган түрктөрдүн улуттук оюну ат үстүндө найза ыргытуудан жана тайган жарыштыруудан алдын ала беттештер болот.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Мелдештер спорттун 23 түрүнөн өтөт. Байге үчүн таймаштарга 62 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу келген. (ECh).

XS
SM
MD
LG