Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Казакстан: кыргызстандык жетектеген куралдуу топко кылмыш иши козголду


Казакстанда кыргызстандык жаран башында турган куралчан топтун өкүлдөрүнө “террорчулукту жайылтуу”, "террордук топту түзүү жана анын ишине катышуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Алар учакты ээлеп алып, АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында жасалгандай теракт уюштурууну көздөгөнүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук штабынын өкүлү Сакен Мынбаев кечээ билдирди. Анын айтымында, радикал топтун мүчөсү деп шектелген төрт адам быйыл 18-августта Алматы облусунун Иргели айылында колго түшкөн. Алар аскердик бөлүктөргө, күч структураларына жана муфтиятка чабуул жасаганы жаткан деп шектелүүдө. Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда соттолгон эки казак жараны кыргызстандыкты башчы кылып дайындап алганы, бири өзүн өзү жардырууну көздөгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле Талдыкоргон аэропортун изилдеп, жарандык же аскердик учакты ээлеп теракт уюштурмак болгону кабарланды.

Июнь айында Казакстанда «радикал диний агымдардын» жактоочулары делген топ эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен төрт жай тургун жана үч жоокер набыт болгон. 18-июлда Алматыда дагы бир адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылган. Ошондон кийин өлкөдө террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылган эле.

XS
SM
MD
LG