Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Тажикстан: Ислам кайра жаралуу партиясынын аял мүчөсү мунапыска илинди


Ислам кайралуу жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири.
Ислам кайралуу жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири.

Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыста тыюу салынган Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Зурафо Рахмони бошотулду. Бул тууралуу 6-сентябрда анын туугандары билдирди. Рахмони партия жетекчилигинин кеңешчиси болгон. Ал партиянын калган 13 лидерлери менен биргеликте камакка алынган. Алар коргоо министринин мурунку орун басары Абдухалим Назарзода менен биргеликте мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катышкан деп айыпталган. Партия болсо “экстремисттик жана террордук деп аталып”, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Партия лидеринин эки орун басары өмүр бою, калгандары 14 жылдан 28 жылга чейин кесилген.

Тажикстандын Ислам кайралуу жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири чет өлкөдө качып жүрөт. Ал айыптоолорду төгүнгө чыгарган. Тажик бийлиги ага издөө жарыялап, учурда ал Интерполдун издөөдөгү тизмесине кошулду. (AiT)

XS
SM
MD
LG