Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 18:53

Казакстандан келген жаран экстремизмге шектелип кармалды


Шамо Мамедов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмга мүчө деп шектелген 28 жаштагы жаранды кармады. Ал Бишкекке Казакстандан келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүнүн аты-жөнү Шамо Мамедов. Ал 2-сентябрда ыкчам маалыматтын негизинде колго түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамедов Кыргызстанда террордук топтун лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча жүргөнү, Сириядагы согуштук аракеттерге адам тартуу менен алектенип жатканы аныкталды.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG