Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Паралимпиадада кыргызстандык Эсен Калиев бешинчи болду


Бразилияда өтүп жаткан паралимпиадалык оюндарда кыргызстандык пауэрлифтингчи Эсен Калиев бешинчи болду. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында кабарланды.

54 килограммга чейинки салмактагылар арасында Эсен Калиев 10-сентябрда мелдешке чыгып, бешинчи орунду камсыздады. Бул салмакта нигериялык Роланд Эзуруйке 200 кг салмакты көтөрүп алтын медалга ээ болсо, кытайлык Жиан Ванг 170 кг менен экинчи, грек Димитриос Бакочристос 162 кг салмакты көтөрүү менен коло байгеге ээ болду. Калиев болсо 154 кг салмакты көтөрдү.

Риодогу белгилүү Маракана стадионунда 7-сентябрда башталган паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышууда. Алар: пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов. (BkA)

XS
SM
MD
LG