Ала-Арча дарыясында чөгүп бараткан эки жашар баланы куткарган 5-класстын окуучусу Баяман Азимовго Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана “Патриот” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Борбордогу №78 мектептин 5-классынын окуучусу Баяман Азимов 4-сентябрда достору менен Умар Молдалиевди өлүмдөн сактаган. Ал суудан тартып чыгып, жасалма дем алдыруу менен эки жашар наристени аман алып калган. (UEz)