Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Орусия-Кытай биргелешкен деңиз аскер машыгуусун баштады


Орусия жана Кытай Түштүк-Кытай деңизинде биргелешкен “Деңиз кызматташтыгы-2016” аттуу аскердик машыгуусун баштады.

Кытай аскер-деңиз күчтөрүнүн өкүлү Лянь Янгдын билдиришинче, сегиз күндүк машыгуу аралдар менен тайыздыктарда көзөмөл орнотуу сценарийи боюнча жүрөт. Ага кемелер, учактар жана аскерлер тартылат.

Янг иш-чара кытай-орус аскер кызматташтыгын тереңдетүүнү көздөрүн кошумчалады. АКШ мамдепартаментинин өкүлү Жон Кирби машыгуу коркутуу жана чагымчылдык мүнөздө эмес, эл аралык эрежелерге шайкеш өткөрүлсө, ага эч нерсе тоскоол болбойт деди.

Кытай деңиздин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп, аскерий максатта жасалма аралдарды сала баштагандан тарта чөлкөмдө чыңалуу күчөп барат. Пекиндин аймактык дооматтарына каршы туруу жана эл аралык деңиз жолдорун ачык сактоо далалатынан улам АКШ Түштүк-Кытай деңизине бир нече курдай аскер кемелерин жөнөткөн. Түштүк-Кытай деңизи Кытай жана анын коңшуларынын аймактык ири талашы.

XS
SM
MD
LG