Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

Текебаев: “Ата Мекен” коалициядан чыкпайт


Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалициядан чыкпай тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, “Ата Мекен” коалициялык келишимдерди так аткаруу менен көпчүлүк коалициядан чыкпайт.

Ал мындай билдирүүнү КСДП лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштагандан кийин билдирди.

Текебаев өз сөзүндө коалициялык көпчүлүк эмдигиче төрага шайлай албай келатканын, өкмөт парламент менен эсептешпей калганын баса белгиледи. Ал мындан сырткары КСДП фракциясын анын лидерлери эмес, президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов башкарып калганын кошумчалады.(UEz)

XS
SM
MD
LG