Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

“Түркмөн аба жолдору” Орусияга уча албайт


«Түркмөн хова йоллары» (Түркмөн аба жолдору) компаниясынын учактары карыздардан улам Орусиянын аба мейкиндигинде тейлөөсүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган орус мекемесинин расмий сайты кабарлайт.

2016-жылы түркмөн авиакомпаниясы учактарынын аэронавигациялык тейлениши үчүн топтолгон карыздарын төлөп берүү боюнча бир канча жолу милдеттенме алган. Бирок ал убагында аткарылган эмес.

Авиакомпаниянын жалпы карызы 220 миң АКШ долларына барабар. "Росавиация" карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин чектөөлөр алынарын белгиледи.

«Түркмөн хова йоллары» авиакомпаниясы Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу Ашхабаддан Москва менен Санкт-Петербургга каттамдарды аткарып, Минск, Бирмингем жана Лондонго транзиттик учууларды жасайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG