Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Камилов: Ташкен кыргыз-өзбек алакасын чыңдоого даяр


Абдулазиз Камилов жана Алмазбек Атамбаев.
Абдулазиз Камилов жана Алмазбек Атамбаев.

Расмий Ташкен Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда ар тараптуу ымаланы чыңдоо иштерин ылдам баштоого даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон учурда айтты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев ортодогу көйгөйлөрдү конструктивдүү жол менен гана чечүү зарылдыгын белгиледи. Камилов өзбек тарап өз ара урмат-сый, достук жаатында позитивдүү өзгөрүүлөрдү жандантууга кызыкдар экенин айтты.

Абдулазиз Камилов 16-сентябрда КМШ мамлекет башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитине катышуу үчүн келген.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек ара жана Камбар-Ата ГЭСине байланыштуу талаш маселелер бар.

XS
SM
MD
LG