Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Cарпашев Атамбаев үй салып жаткан жер тилкеси боюнча маалымат берди


 Атамбаевдин салып жаткан үйү.
Атамбаевдин салып жаткан үйү.

Алмазбек Атамбаев үй салып жаткан жер тилкесин Бишкектин мэринин жубайы Айнуру Ибраимовадан сатып алганын Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев бышыктады. Анын айтымында, жер мурда “Дастан” заводуна таандык болгону, 2012-жылы Анарбек Укуев аттуу жаранга сатылганы, 2015-жылы Бишкектин азыркы мэринин жубайы - Ибраимова сатып алганы чын.

-2015-жылдын 19-мартында Анарбек Укуев Айнуру Ибраимовага 2,7 гектар жерди 24 миллион сомго сатат. Ибраимова жерди 7-майда наамына каттатат. 12-майда Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатылган.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Анын маалымдашынча, 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин айткандарын четке кагып, мамлекет башчысы ал жер тилкесин мыйзамдуу сатып алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG