Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Иса Өмүркулов коалиция тарап кетиш ыктымалдыгын билдирди


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция тарап кетиши ыктымал экендигин журналисттерге билдирди. Бирок ал азырынча бул маселе күн тартибине коюла электигин кошумчалады.

Мурдараак КСДП коалициядан чыгууга камынып жатканы тууралуу айрым маалымат агенттиктери “ишенимдүү булактарга” таянып жазып чыгышкан.

14-сентябрда Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча көпчүлүк коалиция бир пикирге келе албай жатканын айтып, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалициядан чыкпай тургандыгын, “Өнүгүү-Прогресстин” башчысы Бакыт Төрөбаев болсо кагаз жүзүндө бар, иш жүзүндө жок коалициянын тагдырын сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG