Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:27

Бул тууралуу "Франс-Пресс" экс-президенттин туугандарына таянып маалымдады. Ага ылайык, 84 жаштагы Жак Ширакты Парижге жеке учак менен Мароккодон алып келишкен. Экс-президент Мароккодо үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Агенттиктин маалымдашынча, дарыгерлер Жирактын өпкөсү кагынганын аныкташкан.

Жак Ширак 1995-2007-жылдары Франциянын президенти болгон. Ал мамлекетти башкарып турган учурда президенттин мөөнөтү жети жылдан беш жылга түшүрүлгөн. Мамлекет башына келгенге чейин Жак Ширак 18 жыл Париждин мэри болуп турган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG