Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:25

ФБР Нью-Йорктогу жардырууну иликтеп жатат


АКШнын жардыруу болгон жердеги коопсуздук күчтөрү
АКШнын жардыруу болгон жердеги коопсуздук күчтөрү

АКШнын маалымат каражаттары жазышкандай, Нью-Йорктун Манхэттен чөлкөмүндөгү жардырууга байланыштуу кечээ кечинде беш киши сурак берүү үчүн убактылуу кармалды. 17-сентябрдагы жардыруудан 29 киши жараланган эле. Ал бешөө Бруклиндеги кан жолдо машинеде чогуу бараткан жеринен кармалып, Иликтөөлөр боюнча федералдык бюрого – ФБРге алынып кеткен. Дүйшөмбү күнү ФБР бирөөнө да жардырууга байланыштуу айып тагылбаганын билдирди. Тергөөчүлөр маалымдагандай, колго жасалган бомба спорт дүкөндөрүндө сатылган "таннерит" деген зат менен дүрмөттөлгөн. Ошондой эле ал бомба Бостон марафону учурунда колдонулган жардыргычтарга окшош болуп чыкты. Ошол эле күнү Нью-Жерсиде чакан бомба жарылып, аскерлердин соопчулук иш-чарасы башка күнгө которулган. Расмий өкүлдөр ал кол салууларды эл аралык террордук уюмдар менен байланыштырган далилдер азырынча жок дешүүдө.

XS
SM
MD
LG