Тажик прокурорлору улут аралык кастыкты козутту деп айыпталган эки укук коргоочуну 23-25 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү.
Адвокаттар Бузургмехр Йоров жана Нуриддин Махкамовдун иши Дүйшөмбүдөгү сотто каралууда.
Укук коргоочулардын жактоочусу Муаззама Кодирова белгилүү эки адвокаттын дароо экстремистке айланышы мүмкүн эместигин билдирди.
Жактоочулар Йоров Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 өкүлүнүн укугун коргогону үчүн куугунтукка кабылганын айтышат. (KKs)