Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кремль: Сириядагы тынчтык келишими жанданат дегенге үмүт аз


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сириядагы ок атышпоо келишимин жаңылоо үмүтү өтө аз экенин, ал үчүн ок атышууну токтотуу керектигин билдирди.

“Бир жумадан ашык убакыттын ичинде биздин америкалык кесиптештер террорчуларды оппозициядан бөлө албай калганын өкүнүү менен тастыктайбыз. Кырдаал олуттуу тынчсызданууларды жаратууда”, - деди Песков.

АКШ тарап болсо Орусия колдогон Сириянын армиясы чабуулдарды токтотпой жатканын билдирген.

БУУ гуманитардык кербени бутага алынганы үчүн Сирияга багытталган жардамын убактылуу токтоткон. Сириянын өкмөтү болсо АКШ жана Орусиянын арачылыгы менен ишке ашкан тынчтык келишими токтогонун жарыялаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG