Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Өзбекстанда күч кызматкерлерге митинг-пикетте курал колдонууга тыюу салынды


Өзбек милиционерлери.
Өзбек милиционерлери.

Өзбекстанда тынч митингдерин токтотуу максатында курал колдонууга мындан ары тыюу салынат. Ички иштер министрлигине караштуу “Постто” гезити жазган маалыматка ылайык, пикет же митинг уюштургандарга каршы курал, анын ичинде газ жана башка каражаттарды колдонууга уруксат берилбеши тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бирок күч колдонуу мүмкүн. Анда да жүрөк, жыныстык мүчө, моюн, баш жана курсакка урганга болбойт.

Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 16-сентябрда кол койгон “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамда ушундай берене бар.

Өзбекстанда эң ири нааразылыктардын бири саналган 2005-жылдагы Анжиян окуясында бийлик аткан октон жүздөгөн жарандар курман болушкан.

XS
SM
MD
LG