Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Өзбекстан тышкы саясатта Ислам Каримовдун багытын улантат


Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында.
Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында.

Өзбек бийлиги мурдагыдай эле аскердик-саясий блокторго кошулбайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы ассамблеясында билдирди.

«Ошондой эле Өзбекстан башка мамлекеттердин аскердик базаларын жана объектилерин өлкө аймагына жайгаштырбайт», –деди Камилов.

Ал Өзбекстандын маркум президенти БУУнун трибунасында бир нече жолу сөз сүйлөгөнүн жана анын демилгелери эл аралык коомчулукта колдоо таап турганын белгиледи.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульттан каза болуп, 3-сентябрда жерге берилди. Азыр анын милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиёев аткарууда. Өлкөдө президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG