Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Казак Журналисттер союзунун башчысынын соту уланууда


Сейтказы Матаев жана уулу Асет Матаев
Сейтказы Матаев жана уулу Асет Матаев

Астанада Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаевдин жана анын уулунун соту өтүүдө. Матаевди прокурорлор мамлекеттин мүлкүн уурдаган жана салык жашырган деп айыптап, өзүн 6 жыл 8 айга, уулу Асетти 6 жылга кесип, болгон мүлкүнөн ажыратып, үч жыл ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салууну соттон суранды.

КазТАГ маалымат агенттигин жетектеген Асет Матаев бүгүн сотто сүйлөп жатып аларга карата козголгон кылмыш ишти "рейдерлик" деп атады.

- Мен күнөөлүү эмесмин. Менин ата-энем - журналисттер. Биз өтө курч маселелерди көтөрчүбүз. Биздин оозубузду жабуу аракети жүрүп жатат, - деди ал.

Сейтказы Матаев аларга тагылып жаткан айыптардын биринин да так далили жок экенин кошумчалады.

61 жаштагы Матаев Журналисттер кошуунун 2001-жылдан бери жетектейт. Ал 1991-1993-жылдары президенттин, 1993-1994-жылдары премьер-министрдин маалымат катчысы болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG