Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Кашмирде Индиянын аскер базасына согушчандар кол салды


Индия, Кашмир.
Индия, Кашмир.

Алар Кашмирдин Индия тарабындагы Барамулла шаарында жайгашкан аскер базага кол салышты. Натыйжада бир чек арачы набыт болуп, дагы бирөө жарадар болгон. Барамуллада Индия армиясынын козголоңчуларга каршы күрөшүүгө багытталган штаб-квартирасы жайгашкан.

18-сентябрда согушкерлер Кашмирдеги Ури шаарында жайгашкан аскер базага кол салып, 18 аскерди өлтүрүшкөн эле.

Индия Кашмирдин көз карандысыздыгын жактаган согушкерлерди колдойт деп Пакистанды айыптап келет. Исламабад бул айыптоолорду четке кагат.

Калкынын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн талаштуу Кашмир аймагы инди-пакистан согушунун көп жылдардан берки себеби болуп кала берүүдө. Учурда аймактын түштүгүн жана борборун Индия, ал эми түндүк-батыш тарабын Пакистан көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG