Өлкө түндүгүндө жайгашкан шаардын көчөлөрүндө талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда атышуу жүрүп жатат. Кундуз шаарындагы Тандар районунун полиция башчысы Шир Али Камалдын кабарлашынча, чабуул 3-октябрга оогон түнү башталды. Жоочулар шаардын бир нече тарабынан кирип келишти. Франспресстин кабарчысы шаарда өкмөттүк күчтөр менен талип жоочуларынын интенсивдүү атышуулары жүрүп жатканын маалымдаган.
Полиция башчысы Камал талиптерди сүрүп чыгуу үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын билдирген. Кундуз шаарын өткөн жылы талиптер кыска мөөнөткө ээлеп алышкан. Ал чабуулда 289 киши набыт болгону маалымдалган. Рейтердин кабарчысы талиптер АК-47 автоматы, гранатомет жана автоунааларга орнотулган куралдар менен согушуп жатканын кабарлады. Ошондой эле абада ооган күчтөрүнүн эки тик учагы байкалган. Талиптер Гилменд провинциясынын борбору Лашкаргахты басып алуу үчүн жакында эле чабуул жасаган. (AiT)