4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде түнкүсүн абанын температурасы 0…-2 болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн кооптуу.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,
Талас жергесинде +1...+6, күндүз+17...+22,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25,
Баткен облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +14...+19 градус болот.
4-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +6...+8, күндүз +21...+23 градус жогорулайт.