Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Талиптер Ооганстандын Кундуз шаарына чабуул коюп, анын бир районун ээлеп алды


Кундуз
Кундуз

Ооган бийликтеринин кабарлоосу боюнча, талиптер Кундуз шаарынын түштүгүндөгү районду басып алышты. Жоочулар 3-октябрга оогон түнү шаардын төрт тарабынан чабуул коюшкан. Атышууда бери дегенде бир полиция кызматкери набыт кетип, төртөө жарадар болгонун Ички иштер министрлиги маалымдады.

Кундуздагы полициянын координациялоочу тобунун башчысы Мохаммадуллах Бахич чабуулдун мизи майтарылып, атышуулар шаар чет жакаларында жүрүп жатканын билдирди. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид талиптер шаардагы бир нече көзөмөл-бекеттерди ээлеп алганын маалымдады.

Кундуз шаарын өткөн жылы талиптер кыска мөөнөткө ээлеп алышкан. Ал чабуулда 289 киши набыт болгон. Талиптер Гилменд провинциясынын борбору Лашкаргах басып алуу үчүн жакында да чабуул жасаган.

Кундузга жасалган жаңы чабуул 4-октябрда Брюсселде Ооганстанга кандай жардам көрсөтүү боюнча донорлордун эл аралык конференциясы алдында болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG