Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Керри: АКШ Сириядагы тынчтык үчүн аракеттерин токтотпойт


Жон Керри, Брюссель, 4-октябрь, 2016-жыл.
Жон Керри, Брюссель, 4-октябрь, 2016-жыл.

АКШ Мамлекеттик катчысы бүгүн Брюсселден билдиргендей, АКШ Орусия менен Сириядагы аскерий аракеттерди токтотуу боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканы менен Вашингтон менен Москва Сирияны көп тараптуу сүйлөшүүлөр алкагында талкуулай берет.

Керри ошондой эле эки өлкө Сирияда аба соккуларын жасап жаткан аскерий учактарынын кесилишпөөсүн кепилдеген чараларды көрөрүн да белгиледи.

Бирок АКШнын Мамлекеттик катчысы Орусия менен оңунан чыкпай калган дипломатиялык аракеттерди алмаштыруучу жаңы стратегия тууралуу айткан жок.

Сирия боюнча Орусия менен эки тараптуу байланыштар токтогону тууралуу кечээги жарыяны түшүндүрүп жатып Керри Вашигтон Москва дипломатияны четке кагып, Асаддын режиминин оппозиция согушкерлерин аскерий жол менен жеңүү аракетине жардам берип жатканына өкүнөрүн жана буга олуттуу кыжырданарын кошумчалады.

Керринин пикиринде, Орусия Асад өз элине каршы газ тибиндеги хлорду жана башкарылбаган чачырама бомбаларды колдонгонуна көз жуумп койду. (UE)

XS
SM
MD
LG