Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Бишкекте диабет оорулуу балдарды колдоого арналган акция өтөт


“Ден соолук паровозу” деп аталган акцияга Эл аралык диабет фондунун, шаардык кеңештин өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо министрлери, билим берүү министринин орун басары, диабет илдетинен жабыркаган балдар жана алардын ата-энелери катышат.

“Ден соолук паровозу” каттамы 5-октябрда диабет оорулуу балдардын бала бакчасынан башталып, шаар ичин кыдырган соң, борбордук аянттан токтолот. Уюштуруучулардын айтуусунда, акция бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн диабет оорулуу балдардын көйгөйлөрүнө буруу болуп саналат.

Бир эле Бишкек шаарында кант диабети менен ооруган 131 бала катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG